Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊештин делегациясы ЕККУ ПА ассамблеясынын сессиясынын алкагында жолугушууларды өткөрдү

12-04-2016
15:11

Скопье шаарында өткөн (Македония) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү сессиясынын ишине анын 57 катышуучу-мамлекеттеринен 170 парламентчи катышты. Бул жыйындын күн тартибин экономикалык өнүгүүгө түрткү берүү, ишенимди арттыруу, демократиялык институттарды өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, ошондой эле ЕККУ чөлкөмүндө адам укуктарына негизделген эл аралык миграцияны башкаруу чараларын жакшыртуу сындуу маселелер түздү.

«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жетектеп, курамына КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кирген кыргыз делегациясы ар кандай темадагы өздөрүнүн негизги баяндамаларынан тышкары, Ассамблеянын төрагасы К.Муттонен, анын орун басары А.Гулиев менен жолугушуп, Жогорку Кеӊештин Ассамблеянын ишине катышууларынын натыйжалуулугун арттыруу багытында пикир алышты.

ЕККУ ПА Эл аралык катчылыгынын сунушу боюнча, Ассамбелянын жана анын Катчылыгынын иши менен таанышуу, ошондой эле мындай жыйындарды өткөрүү жаатында тажырыйба топтоо максатында, кыргыз делегациясын Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев коштоп жүрдү.

Сессия алкагында социал-демократтардан турган ЕККУ ПА делегаттарынын ички жыйыны да өткөрүлдү. Социалисттер тобунун жетекчилери Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду анын ишине катышууга чакырды. Жолугушууда КСДП менен европалык социал-демократтардын ортосундагы кызматташтык мамилелерди чыӊдоо макулдугуна жетишилди.

Жогорку Кеӊеш депутаттарынын ЕККУ ПА жыйынына катышуу чыгымдары Бишкектеги ЕККУ-Борбору тарабынан Кыргызстанда демократиялык башкарууну бекемдөө долбоорунун алкагында каржыланды.

КР ЖК Басма сөз кызматы