Тармактык комитетте ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана башпааналардын абалы каралды

15-01-2018 18:16

Бүгүн, 15-январда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына тиешелүү болгон ижарага алынган жана менчиктештирилген жер участокторунун жана башпааналарынын абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 15111-VI токтомунун аткарылышы тууралуу” тармактык комитеттин 2017-жылдын 27-ноябрындагы чечиминин ишке ашырылуусу каралды.  Бул багытта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч. Султанбекованын баяндама жасады.

Талкуу жүрүшүндө депупаттар менчиктештирилип кеткен балдар бакчаларын мамлекетке кайтарып алуу шарттарынан тартып, спорт жайларынын ижарага берилишине чейин такташты. Айрым маданий мекемелердин кароосуз калып жаткандыгы, “Ысык-Көл” мейманканасынын абалы да олуттуу суроолорду жаратты. Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эсепке алып, Өкмөт даярдап келген маалымат эске алынсын, - деп табылды.

Ошондой эле “Онкологиялык кызматты колдоо фонду” тууралуу маселеге да көңүл бурулду. Анда Кумтөр тарабынан бөлүнгөн 10 млн. АКШ доллары онкологиялык кызматты колдоо фондусуна которулат, - деп көрсөтүлгөн. Аталган коомдук фонд юридикалык каттоодон өтүп, анын уюштуруучусу болуп Саламаттык сактоо министрлиги аныкталган. Бирок талкуу учурунда мамлекеттик орган эмне себептен жоопкерчиликтен качкандай болуп бардык түйшүктү коомдук уюмга түртө салды кылып олтурат? – деген суроолорго жооп изделди.

Депутат Рыскелди Момбеков түзүлгөн коомдук фонддун уставынан тартып, анын каражатты кандай жумшагандыгына чейин тыкыр көзөмөл жүрөрүн айтып, бул жерде жоопкерчилик эмес, тобокелчилик орун алып жаткандыгын сынга алды.

Талкуу жыйынтыгында “Онкологиялык кызматты колдоо фонду” коомдук фондун түзүү тууралуу маалымат эске алынды. Ошондой эле бул маселе эми Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин дагы кароосунан өтмөкчү.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 209

Окшош жаңылыктар