Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты, Кыргызстандын гандбол федерациясынын президенти Максат Сабиров Россиядагы Воронеж областынын Лиски шаарында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесине арналган спорттук иш чаранын жүрүшүндө билдирди.
Гандбол боюнча жолдоштук беттешке Кыргызстандан он жаш спортчу үч машыктыруучусу менен келишкен. Бир аптага созулган мелдешке кыргызстандык спортчулар беш команда менен оюн өткөрүп, финалдык беттеште 21 упай топтоо менен, атаандаштарын утуп алышкан.
Эл өкүлү М.Сабиров 2000-жылдан кийин Кыргызстанда гандбол боюнча турнирлер өтпөй калганын, спорттун аталган түрү акыркы үч жылдан бери кайрадан жандана баштаганын белгиледи. Ошондой эле, ал жаш гандболчулардын биринчи орунду камсыздашын чоӊ жетишкендик катары баалайт. Лиски районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Виктор Шевцов Кыргызстандык жаш спортчуларды жеӊиши менен куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады. Ал эми депутат менен район башчысы гандболду андан ары өнүктүрүү жаатында пикир алышты.
Жаш спортчулардын Россия аймагында өткөн мелдешке катышуусуна Жогорку Кенештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков дагы колдоо көрсөтүп, өз фондунан каражат бөлүп берген. Спорттук беттештин алкагында депутат баштаган кыргызстандык жаш спортчулар, Воронеж областында иштеген эмгек мигранттары, спорт ардагерлери Чолпонбай Түлөбердиев эрдик көрсөткөн Селявное айылына барып, баатырга арналып уюштурулган музей менен таанышышты. Андан сон Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине гүл коюшуп, анын эрдигине таазим кылышты.
Белгилей кетсек, жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылдын 6-августунда Дон дарыясынын жээгиндеги тик бетке фащисттер тарабынан орнотулулган дзотко төшүн тосуп, баатырларча курман болгон. Дзоттон жааган ок токтогогондо, советтик жоокерлер душмандарды талкалап, аларды артка сүрүп салышкан.
КР ЖК Басма сөз кызматы