Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Альфия Самигуллина Панфилов дивизиясынын 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

12-07-2016
15:54

Жогорку Кеӊештин депутаты Альфия Самигуллина бүгүн, 12-июнда сегизинчи гвардиялык, Ленин, Кызыл Туу, Суворов ордендүү Советтер Союзунун Баатыр И.В.Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналып өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

Иш-чара аскерий техникалар колдонулган театралдуу азем менен ачылып, андан соӊ Улуу Ата мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү митинги менен улантылды.

Депутат А.Самигуллина 1941-жылдагы эӊ кыйын учурда түзүлүп, дароо майданга жөнөтүлүү менен, Москваны коргоого катышканын белгиледи. «Биздин ата-бабалар Мекенди коргоонун чыныгы бийик үлгүсүн көрсөттү. Ал башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү, бирок эрки майтарылган жок. 14 миӊден ашуун пафиловчу орден-меделдар менен сыйланып, 43 жоокер эӊ жогорку Советтер Союзунун Баатыры наамына арзыган», - деди эл өкүлү. Ал аталардан калган мындай мыкты баатырдык салтты татыктуу улантуу кыргыз жоокерлеринин милдети экенин кошумчалады.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы