Минтип СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркүлов Бакай-Ата районунун шайлоочулары менен жолугушууда айтты.
Жолугушуу Талас шаарындагы маданият үйүндө өттү. Анда жергиликтүү эл көптөгөн көйгөйлүү, орчундуу маселелерди козгошуп, аларды чечүүнүн зарылдыктарын белгилешти. Жер, таза суу, пенсия, жөлөкпул сыяктуу социалдык, экономикалдык маанайдагы маселелер боюнча сөз болду. Алардын ичинде Бакай-Ата районундагы Кең-Суу тарапка кеткен дамбаны куруу, каналдарды тазалоо, соттордун чечимдеринин аткарылбай жатуусу, билим берүү тармагындагы алешемдиктер, кадрлардын таңсыктыгы сыяктуу маселелер айтылды.
Өз кезегинде фракция лидери элдин көтөргөн маселелери, койгон талаптарынын баары тиешелүү деңгээлде караларына ишендирди. «Сиздер тараптан көтөрүлгөн, коюлган көйгөйлүү маселелердин бири да кароосуз калтырылбайт. Биздин фракция маселени өкмөткө коюп, оң жагына чечүү аракеттерин көрөбүз. Биз сиздер менен жолугушуу үчүн келген максатыбыз да көйгөйлөрдү угуп, жеринде таанышып, аларды чечүүнүн жолдорун табу», - деди И. Өмүркүлов.
Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жаатында аткарып жаткан иштери, экономиканы өнүктүрүп, элдин турмушун жакшыртууга багытталган реформалык аракеттер тууралуу айтып берди.
СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы