Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Өзгөрүштүн эли жаңы мектеп курууга каржы бөлүп берүүнү суранышты

13-07-2016
16:42

Атайын иш сапар менен Талас облусунда жүрүшкөн КСДП фракциясынын депутаттары 13-июлда Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында болушуп, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Айыл эли көптөгөн көйгөйлүү, чечилбей келаткан маселелерди көтөрүштү. Алардын ичинде жаңы мектеп куруу үчүн каржы маселесин чечип берүүнү да  айтышты. Жергиликтүү жашоочулар белгилегендей, 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп куруу үчүн 2 га жер бөлүнүп берилген. Бирок каржы маселеси чечиле элек. Ошондуктан бюджеттен мектепти курууга акча бөлүнүп берилсе, курулуш иши башталмак. Учурдагы Кашка-Жол атындагы эски мектеп 134 окуучуга ылайыкталган. Бул айыл эли үчүн аздык кылып, жаңы мектепти куруу зарылдыгы жаралууда.

Депутаттык топтун башчысы, КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов элдин жаңы мектепти куруу талабы туура экенин айтып, фракциянын депутаттары Жогорку Кеңештин жыйындарында бул маселени көтөрүп, келерки жылдын бюджетине киргизип, акча бөлдүрүп берүүгө аракет кылышарын белгиледи. КСДП фракциясы муну өз көзөмөлүнө аларына ишендирди.

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы