Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Премьер-министр Сапар Исаков: «Бишкек ЖЭБдеги авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такалууда»

31-01-2018
11:43

Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин, анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чараларды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланып жатканда билдирип, депутаттарды комиссиянын ишине жигердүү катышууга чакырды.

Өкмөт башы эч качан өзүнөн жоопкерчиликти алып салбай турганын, ошентсе да авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такаларын, ал эми мындай жагымсыз кырдаалдын түзүлүшүнө түздөн-түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого тапшырма берилгенин баса белгиледи.

«Буга чейин кыш мезгилине даярдык жакшы экенин айтышкан. Акча каражатынын жетишсиздиги тууралуу деле сөз болгон эмес. Азыр электр энергиясынын тарифи өтө көйгөйлүү маселе болуп турат. Аны азыр эле көтөрө койолу деген оюм жок, бирок биз анын кандайдыр бир жолун табышыбыз керек. Ушу тапта энерготармактын 100 млрд сом карызы бар», - деп, ал каржы маселеси чечилмейинче, мындай кырдаал кайталанбасына кепилдик бериш кыйын экенин, кыскасы али алдыда тактай турган нерселер арбын экенин, алар комиссиянын иликтөө жыйынтыгында белгилүү болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы