Депутат А.Дюшалиев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына кирет

13-02-2018 11:02

Бүгүн, 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдыбек Дюшалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизүү тууралуу комитеттин чечиминин долбоору каралды.

“Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары Умбеталы Кыдыралиев аталган маселе боюнча фракциянын тиешелүү чечими бар экенин маалымдады.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш депутаты Абдыбек Дюшалиевди Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизүү тууралуу комитеттин чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1037

Окшош жаңылыктар