Депутат Иса Өмүркүлов: Камсыздандыруу фондуна көп акча чегергендер жогору пенсия алышы керек

14-07-2016 14:43

СДПК фракциясынын лидери И. Өмүркүлов жана депутаттар М. Айнакулов, И. Кадыркулов, Р. Момбеков, М. Мискенбаев, У. Жылкыбаев Талас облусундагы иш сапардын алкагында Манас районунун эли менен жолугушту.

Жолугушуу райондук маданият үйүндө өтүп, ага район жетекчилиги, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана райондун эли катышты. Анда бир катар социалдык маселелер көтөрүлдү. Анын ичинде элдин басымдуу бөлүгү пенсияны көтөрүү маселесин козгошуп, пенсия көлөмүнүн аз экенин айтышты. КСДП фракциясынын лидери И. Өмүркүлов ар ким камсыздандыруу фондуна чегерген акчасына жараша пенсия алышы керектигине токтолуп, учурда бул боюнча Өкмөт тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы боюнча маалымат берди. Ал белгилегендей, жарандар камсыздандыруу төлөмдөрүн чегерип, жогорку өлчөмдөгү пенсия алуусуна жетишүү үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифин жөнгө салуу каралып жатканын, ал боюнча мыйзам долбоорун кароо күзгүгө калтырылганын айтып өттү.

Ошондой эле жолугушууда мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак-жай алууга берилчү кредиттин үстөк пайызын төмөндөтүп, кредитти бюджеттик түзүмдөрдө иштегендерге берсе деген каалоолорун айтышты. Микрокредиттик ишканалардын берип жаткан кредиттери тууралуу да сөз болду. Жергиликтүү элдин айтымдарында, айыл жергесиндеги элдин дээрлик бардыгы кредит берүүчү чакан ишканалардын кызматтарынан пайдаланышат. Бирок мындай кредиттердин үстөк пайыздары жогору болгондуктан, көп учурда эл алган кредитин төлөй албай кыйналып келишет. Ошондуктан Өкмөттүн бул маселени карап, микро кредиттик ишканалар берчү кредиттердин үстөк пайыздарын азайтып берүү өтүнүчтөрүн билдиришти.

Булардан сырткары, жол куруу маселеси да көтөрүлдү. Тагыраагы, өлкө башчысы тарабынан райондордун ичиндеги жолдорду оңдоо үчүн бөлүнгөн 1 млрд. сомдун эсебинен Манас районунун борбору Покровка айылындагы 3 чакырым жол оңдолбой калганы айтылды. ЖК депутаттардан бул жолду да планга киргизип, оңдотуп берүүнү суранышты. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркүлов ар бир айтылган маселелер, көтөрүлгөн көйгөйлөр, кайрылуулар ЖК жыйындарында айтылып, өкмөткө, тиешелүү министрликтерге жеткирилүү менен аларды оң жагына чечип берүүгө аракеттердин көрүлөрүнө ишендирди.

КСДП фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 2754

Окшош жаңылыктар