Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Германия Федералдык канцлери Ангела Меркел менен жолугушту

14-07-2016 17:36

Бүгүн 14-июлда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков,  өлкөбүзгө расмий иш-сапары менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркел менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Германия ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багытында пикир алышышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүү, Парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана экономикалык багытта кыматташууга кызыктар экендигин билдирди. “Кыргызстан Германия менен экономикалык тармак боюнча кызматташууга, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө кызыктар”,-деди Төрага.

Андан сырткары, Ч.Турсунбеков 2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өтө турганын эске салды. Азыр мамлекет башчысынын, кыргыз парламенти менен өкмөтүнүн баардык аракети жогорку бийлик тизгинин конституциялык жол менен таза жана ачык-айкын өткөрүп берүүгө багытталып жатканын белгиледи.

Төрага коррупция, сот системасын, күч түзүмдөрүн реформалоо, улуттук экономиканы либералдаштыруу жаатында иш уланып жатканын, бул боюнча Европа биримдигинин, анын ичинде Германиянын колдоосу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Германия Федералдык канцлери Ангела Меркел Германия Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу жардамын уланта берерин жана  кыргыз бийлигинин парламенттик демократия куруу аракетин жогору бааларын билдирди.

Ошондой эле канцлер эки өлкө ортосунда кызматташуу жакшы жолго коюлгандыгына жана  соода-экономикалык тармагы потенциалдуу экендигине карабастан аталган тармак жай өнүгүп жаткандыгына токтолду. Германия тараптан чакан жана орто бизнести алга жылдырууда колдоо боло тургандыгына ишендирип өттү.

Соңунда Жогорку Кеңештин төрагасын эки тараптуу кызматташтык мамилелерди бекемдөө максатында Германияга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жолугушууга кыргыз тараптан, КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркулов, "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын лидери өмүрбек Бабанов,  "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери Канат Исаев, "Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын лидери өмүрбек Текебаев, Жогорку Кенештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин  төрагасы Аскарбек Шадиевдер катышышты.

КР ЖК Басма сөз кызматы  

 

Көрүүлөрдүн саны : 1292

Окшош жаңылыктар