Токтогулдун Кара-Суу айылында жаңы мектеп курулат

15-07-2016 12:09

СДПК фракциясынын депутаттарынан турган делегация Талас облусундагы  иш сапардан кийин Жалал-Абад облусунун аймактарын кыдыра башташты.

Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү Токтогул районундагы Жаңы-Жол  айылдык аймагына караштуу Кара-Суу айылында болушуп, Казатов атындагы №10 мектептин абалы менен таанышышты.  Анда айтылгандай, мектеп авариялык абалда болгондуктан, окуучулар батпай, бир партага үчтөн олтуруп окуп келишүүдө. Мектеп 1969-жылы курулган, 2011-жылы ӨКМ мектепте окуу кооптуу экендиги боюнча корутунду чыгарган. Анткени, пайдубалы чөгүп, чатырлары тешилип калган. Мектептин имараты 160 окуучуга ылайыкталса, бүгүнкү күндө анда 261 окуучу билим алып, аларга 26 мугалим сабак берип келет.

Мектеп жамааты менен жолугушууда жергиликтүү бийлик жаңы мектеп куруу боюнча Өкмөткө, Жогорку Кеңешке, облустук администрацияга кайрылышканы маалым болду. 2015-жылы республикалык бюджеттен 3 млн. сом бөлүнүп, пайдубал үчүн аңдар казылган, таптоо иштери жасалган. Бирок 2016-жылы мектепти курууга каржы бөлүнбөгөндүктөн, курулуш иши токтоп калган. Бул боюнча СДПК фракциясынын лидери күзүндө келерки жылдын бюджети караларын, ошондо сөзсүз түрдө аталган мектепти курууну каржылоону  да бюджетке киргизүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн айтты. 

Белгилей кетсек, СДПК фракциясынын депутаттары О. Артыкбаев, А. Алтыбаева, М. Эгембердиев, фракция лидери И. Омуркулов менен биргеликте Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрүшөт.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Көрүүлөрдүн саны : 2355

Окшош жаңылыктар