Токтогулдуктар Бишкек-Ош жолунун кооптуу жерлерине медпункт ачууну суранышты

15-07-2016 12:26

СДПК фракциясынын  депутаттарынын Токтогул районундагы иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлдөрү  райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында шайлоочулар менен жолугушуп, ага район жетекчилиги, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү жашоочулар катышты. Анда райондун инфраструктурасын жакшыртууга багытталган бир катар маселелер козголду. Алсак, З. Эгемдербиев атындагы райондук оорукананын өкүлү тез жардам станциясында 2 гана авто унаа бар болсо, анын экөөсү тең бузук абалда экенин айтты. Фракция лидери Иса Омуркулов жеринде саламаттыкты сактоо министринин өкүлүнө кайрылып, кийинки тез жардам авто унааларын пландуу сатып алууда Токтогул районунун тез жардам станциясынын авто унааларын жаңылап берүү сунушун айтты.

Ошондой эле дарыгерлер  Бишкек-Ош жолунун ашууларына,  жол кырсыгы көп болгон жерлерине медициналык пункттарды ачуу зарылдыгын белгилешти. Алардын айтымдарында, андан кооптуу жерлерге Чычкан капчыгайы, Ала-Бел, Көк-Бел ж.б. ашуулары кирет. Дарыгерлер жол кырсыгы болгон учурларда адам өмүрлөрүн сактап калу үчүн алгачкы мүнөттөр өтө маанилүү. Тилекке каршы, кырсык болгон маалда тез жардам станциясына жеткирүүгө  көп  убакыт кетип калууда.

Иса Омуркулов саламаттыкты сактоо министрлиги  бул маселени өз көзөмөлүнө алуусун керектигин айтып, министрликтин өкүлү жакынкы убакытта  ӨКМдин бөлүмдөрүнүн базасында  медпункттар ишке киргизилерин билдирди.

Буга чейин белгилегендей, учурда  СДПК фракциясынын депутаттары О. Артыкбаев,  А. Алтыбаева, М. Эгембердиев  фракция лидери И. Омуркулов менен биргеликте Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрүшөт

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2418

Окшош жаңылыктар