Токтогулда даңазалуу ак халатчандын бюсту орнотулду

15-07-2016 13:50

СДПК фракциясынын депутаттарынын делегациясы Токтогул районундагы иш сапардын алкагында З. Эгембердиев атындагы райондук ооруканада болушуп, анда КРнын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору З. Эгембердиевдин эстелик бюстунун ачылыш аземине катышты.

Райондук оорукана ысымын алып жүргөн З. Эгембердиев 1908-жылы Токтогул районундагы Сары-Камыш айылында туулган. 1933-жылы Москвадагы медициналык институту бүтүргөн. Ал өзүнүн эмгек жолунда бир нече райондук, облустук, шаардык ооруканаларда башкы дарыгер, КР саламаттыкты сактоо министри, министрдин орун басары кызматтарын аркалаган. Ал «Эмгек Кызыл Туу» ордени, СССРдин медалдары менен сыйланган.

Салтанаттуу иш-чарада СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов З. Эгембердиевдин дарыгер катары эл үчүн кылып өткөн эмгегине токтолду.

«Бул адамдын эмгегин токтогулдуктар жакшы билишет, аны эч качан унутушпайт. Ал эми бүгүнкү ак халатчандар анын атын өчүрбөй, оорукананы анын ысымына татыктуу кылышы керек. Сиздер башкалардын ден-соолуктары үчүн күрөшкөн адамсыздар. Ошондуктан эң ириде өзүңүздөрдүн ден-соолугуңуздар чың болсун. Ишиңиздерге ийгилик каалайм, эмгегиңиздердин акыбетин көрүңүздөр! Жалпы кыргыз элине аманчылык, жергебизге тынчтык каалайм! Бүгүнкү майрамдык иш-чара куттуу болсун! Ал эми З. Эгембердиевдин атын өчүрбөй, демөөрчүлүк кылып колодон бюсту орнотуп жаткандарга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем», - деди фракция лидери.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 2523

Окшош жаңылыктар