Энелер өлүмү күн тартибинде «Эне болуудагы коопсуздук» долбоорунун алкагында Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Альфия Самигуллинанын демилгеси менен Баткен облусуна иш сапары уюштурулмакчы

15-07-2016 15:53

 18-июлдан 24-июлга чейин улануучу иш-чара буга чейинки «Ден-соолук кербени» долбоорунун уландысы болуп эсептелет. Баткен энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү жогору аймак болуп эсептелгендиктен атайын тандалып алынды. Иш-сапарга барчулардын курамында Адамдын репродуктивдүүлүгү боюнча Кыргыз улуттук борборунун дарыгери, м.и.д. В. Рыскелдиева, врач акушер-гинеколог, Энее жана баланы коргоо улуттук борборунун гинекология бөлүмүнүн башчысы А. Кармышева, анестезиолог-реаниматолог Б. Хожахуновалар бар. Алар Баткен облустук ооруканасынын Төрөт үйүнө барышып, оорулуу балдарга, кош бойлууларга консультация беришмекчи. Анестезиолог-реаниматологдор тарабынан анестезиологиялык текшерүүлөр жүргүзүлүп, инфузион-трансфузиондук терапия, сепсис, диагностика жана преэклапсиянын оор даражасын дарылоонун принциптери боюнча лекциялар окулат. Ошондой эле 19-июнда депутат А. Самигуллинанын демилгеси менен Төрөт үйүндө аялдардын саламаттыгы боюнча журналисттер үчүн брифинг уюштурулмакчы.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 2227

Окшош жаңылыктар