Иса Омуркулов: Ипотекалык кредиттөөнүн шарттарын кайрадан карап чыгуу керек

18-07-2016 10:44

Минтип СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов Кара-Көл шаарынын жашоочулары менен жолугушууда айтты.

Буга чейин маалымдагандай,  фракция лидери Иса Омуркулов, депутаттар О. Артыкбаев, А. Алтыбаева, М. Эгембердиев жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү Жалал-Абад облусунда иш сапар менен жүрүшөт.

Жолугушууда каракөлдүктөр бир катар социалдык маселелерди көтөрүштү. Атап айтканда, айлыктын өлчөмүн жогорулатуу, муниципиалдык бала бакчалардын акысын төмөндөтүү зарылдыгы айтылды. Анткени, мында айлыктын орточо суммасы 5-6 миң сомду түзсө, бала бакчага 1200 сомдон төлөшөт.

Мындан сырткары, жергиликтүү жашоочулар тарабынан Кара-Көл шаарына  инвесторлорду тартуу керектигин айтышты.  Чакан ГЭСти куруу сунуштары болду. Каракөлдүктөрдүн  айтымында, мында ал үчүн жакшы шарттар бар. Инвесторлорду тартуу аркылуу туризмди өнүктүрүүгө мүмкүн экендигин айтышты. Ошондой эле турак-жай маселесин козгогондор  ипотекалык кредиттөөнүн үстөк пайыздары жогору экенин билдиришсе, медицина кызматкерлери тез жардам кызматынын автопаркын  жаңылап  берүүнү суранышты.

 

Сөз алган фракция лидери Иса Омуркулов ар бир кайрылуурар тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди оң жагына чечүүгө аракет көрүлөрүн билдирди. Фракция лидери ошондой эле ипоталык кредиттердин үстөк пайыздары жогору экендиги менен макулдугун билдирип,  ипотекалык кредиттөөнүн шарттарын кайрадан карап чыгууну өкмөткө сунуштады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2304

Окшош жаңылыктар