Масадандагы Фуркат мектеби качан бүткөрүлөт?

18-07-2016 15:45

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов башында турган депутаттардын Жалал-Абад облусундагы иш сапардын алкагында Сузак районунун Масадан айылындагы №44 Фуркат орто мектебинин абалы менен таанышты.

Аталган мектеп 1985-жылы Ленин атындагы колхоздун эсебинен курулуп баштап, бирок каржынын жоктугунан курулуш аягынча чыкпай калган. 624 орундуу үч кабаттуу мектеп имаратынын ички шыбак иштери 60 %га жүргүзүлүп, электр узаткыч зымдары 60 %га тартылган.

Жолугушууда мектептин жамааты 2009-жылы мектептин курулушун аягына чыгаруу чечими кабыл алынып, сметалык баасы 83962,3 миң сомдук долбоор даярдалып, курулуш иши үчүн 48101,7 миң сом бөлүү чечими болгон. Бирок каржы али күнгө чейин берилбей келатканын айтышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул мектеп бүткөрүлсө, айылдагы көйгөйгө айланган бала бакча маселеси да чечилмек. Себеби, азыркы мектеп мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашкан.

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов дээрлик көпчүлүк бөлүгү бүтүп калган мектепти куруп бүткөрүүнү аягына чыгаруу зарыл экенин, ал үчүн фракция депутаттары маселени жыйындарда карап, өкмөткө жеткирүү менен республикалык бюджеттин эсебинен каржы бөлдүрүүгө бардык аракеттерди кылышарына ишендирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 2487

Окшош жаңылыктар