Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу Польша парламентинин делегациясы менен жолугушту

19-07-2016 14:04

Жогорку Кеӊештин депутаттары Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Кенжебек Бокоев бүгүн, 19-июлда сенатор Ян Филип Либицки баштаган Польша делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү жаатында тажырыйба алмашуу тууралуу пикир алышты.

 Жолугушуу жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин Польша менен достук тобунун жетекчиси Игорь Чудинов кыргыз-поляк мамилелери өз ара кызматташтык жана өнөктөштүк мамилелерге таянуу менен жандана баштаганын белгиледи. Депутаттын пикиринде, эки тараптуу мамилелерди айрыкча экономикалык тармактар боюнча андан ары өнүктүрүү зарыл. «Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 24 млн евро өлчөмүндө. Бизде негизинен тамеки менен буурчак экспорттолууда. Бул иш жүзүндөгү биздин мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере албайт. Ошондуктан, ишкерлердин өз ара алакаларын арттыра турган мыйзам базасын бекмдөө керек», - дейт ал.

Ал эми сенатор Ян Филип Либицки Кыргызстандын парламенттик демократия салттарын өнүктүрүү жаатында жасап жаткан аракеттерин колдой турганын айтты. Ал экономикалык жактан кызматташуу маселелерине кайрылып, Польша бул багытта өнөктөштүк мамиле түзүүгө кызыкдар экенин, ал үчүн парламенттер аралык байланышты жөнгө салуу зарылдыгын кошумчалады.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 974

Окшош жаңылыктар