Тармактык комитет социалдык коргоо жаатындагы “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды

13-03-2018 12:29

Бүгүн, 13-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун талкуулоого КР вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова катышты.

Мыйзам долбоору боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова баяндама жасады. Маалыматка ылайык, “КР мамлекеттик жөлөкпулдары жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүүгө багытталган “КР социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн КР Премьер-министринин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен бүгүнкү комитеттин талкуусуна сунушталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөкпул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу;  ата-энелеринин камкордугунан ажыраган  жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик счетторду милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү (бул счетко эрезеге жеткенге чейин аларга мыйзам чегиндеги алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөр топтолушу үчүн) каралууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев, Алтынай Өмүрбекова жана Иса Өмүркулов мыйзам долбоору менен муктаж үй-бүлөнү тактоочу критерийди аныктоо, “аз камсыз болгон үй-бүлө” түшүнүгүн тактоо зарылдыгын белгилешти. Мындан сырткары, депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулду жана бала төрөлгөндө берилүүчү “сүйүнчү пулду” берүү механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылышты.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү депутаттардын айткан сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тартып «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бул мыйзам балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөкпулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча дайындоого өтүүнү, жөлөкпулду ар бир үч жашка чейинки балага жана үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө дайындоого өтүүнү камтыган. Бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү «балага сүйүнчүнү» берүүнү караган ченемден тышкары, 2018-жылдын 1- апрелине чейин узартылган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 2472

Окшош жаңылыктар