Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды

13-04-2018 00:41

Төраганын орун басары Асел Кодуранова баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйынынын алкагында  Таврия сарайында уюштурулган кыргыз сүрөтчү-скульпторлорунун көргөзмөсүнө катышты. Белгилей кетсек, быйылкы жыл КМШда Маданият жылы деп жарыяланган.

"Кыргызстандын жылуу шамалы" аталышындагы бул көргөзмөдө Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандык мекендештерибиз Тамила Маматова менен Таалайбек Мусурманкуловдун эмгектери коюлган.

Төраганын орун басары Асел Кодуранова көргөзмөдөгү эмгектердин өтө баалуу экенине токтолуп: "Кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, өлкөбүздүн кооз жаратылышын чагылдырган мындай эмгектердин Таврия сарайына коюлушу мекендештерибиздин бийик талантка ээ экендигин далилдейт. Биз көргөзмөдөгү скульптуралык чыгармаларды жана пейзаждык картиналарды карап олтуруп өнөрлүү мекендештерибиз менен сыймыктандык", - деди.

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттары көргөзмөнүн алкагында Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, пикир алмашты.

Мындан сырткары, сүрөтчү-скульпторлорго чыгармачылык ийгилик каалаган Асел Кодуранова, Жогорку Кеӊештин атынан көргөзмөдөгү эмгектердин авторлоруна жана кыргыз диаспорасына атайын белектерди тапшырды.

Ал эми көргөзмөдө сөз сүйлөгөн Садык Шер-Нияз тарыхый байланыштары тыгыз КМШга мүчө мамлекеттерде көрүнүктүү таланттар арбын экенин белгилеп: "Биз улуу таланттарыбыздын жолун улантып, маданиятты өнүктүрүү аркылуу бул жааттагы кызматташтыкты арттырышыбыз керек", - деп кошумчалады.

Ал эми сүрөтчү Таалайбек Мусурманкулов кыргыз элинин кооз жаратылышын чагылдырган картиналарга Россияда суроо-талап жогору экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, төраганын орун басары Асел Кодуранова баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Акылбек Жамангулов, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Эмил Токтошев жана Садык Шер-Нияз Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын жана ЖККУ ПАнын жыйындарына катышууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

  

Көрүүлөрдүн саны : 667

Окшош жаңылыктар