Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга Бюджеттик резолюциясынын долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүүдө

13-04-2018 14:53

Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга Бюджеттик резолюциясынын долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүүдө. Иш-чарага депутаттар, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышып жатат.

Бюджеттик резолюция республикалык бюджетти түзүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп санала турганын белгилеген тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Зиядин Жамалдинов ушул коомдук угууну уюштурууга көмөк көрсөткөн кыргыз парламентинин БУУнун Өнүктүрүү программасы, Швейцариянын Кыргызстандын элчилиги сындуу ишенимдүү өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирүү менен бирге, иш-чараланын жалпы катышуучуларын талкууга жандуу катышып берүүгө чакырды.

Андан тышкары, депутат Зиядин Жамалдинов Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга Бюджеттик резолюциясынын долбоорун талкуулоо жүрүшүндө адистер менен эксперттер тарабынан айтылган сын-пикирлер менен сунуштамалардын баары талданып чыгып, алардын алгылыктуулары Бюджеттик резолюциянын долбоорун иштеп чыгуу учурунда эске алына турганын кошумчалады.

Ал эми Бюджеттик резолюцияны түзүү тартиби тууралуу баяндама жасаган «Жарандардын катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия» долбоорунун эксперти Динар Турдумалиева Бюджеттик резолюциянын жалпы максаттары жаатында учкай түшүнүк берди. «Бюджеттик резолюция республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда орто мөөнөттүү мезгил менен артыкчылыктарга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт», - деди ал.

Ал эми бюджеттик саясаттын негизги багыттары өлкөнүн бюджеттик жүрүмүн андан ары өнүктүрүүгө, бюджеттик жүрүмдөрдүн толугу менен эл аралык стандарттарга өтүүсүнө, мамлекеттик каражатты башкаруунун жаӊы усулдарын киргизүүгө өбөлгө түзөрү белгилүү болду. Ошондой эле, Бюджеттик резолюция депутаттардын мыйзамдарды кабыл алуу жаатындагы жоопкерчилигин жогорулатат.

Белгилей кетсек, Бюджеттик резолюция бюджеттик жүрүмдүн алгачкы баскычы болуу менен бирге, аны түзүүдө негизги багыт болуп саналат. Ал 3 жылды (кезектеги бюджеттик жылды жана андан кийинки эки жылды) камтыган орто мөөнөттүү мезгилге карата түзүлөт.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1247

Окшош жаңылыктар