Агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасы А.Назаров: “Жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү бир орган түзүү керек”

16-04-2018 13:40

Бүгүн, 16-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету тууралуу” маселе каралды.

Депутат Айтмамат Назаров өзү жетектеген агрардык саясат боюнча комитети 2017-жылда Өкмөт менен конструктивдүү иш алпаргандыгына токтолду. Анын айтымында, агардык тармакка байланыштуу Өкмөт тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорунун баары комитет тарабынан колдоого алынды. “Жалпысынан Өкмөттүн айыл чарба тармагындагы иштери жакшы”,- деген комитет төрагасы аткаруу бийлиги сөзсүз эске алышы керек деген бир катар сын-пикирлери менен бөлүштү.

Комитет төрагасы А.Назаров Өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорун сапатына өзгөчө көңүл бурушу керектигин баса белгилеп, комитетке келген кайрылуулардын негизинде жазылган каттарга аткаруу бийлиги жарытылуу жооп бербей жатканына бир катар мисалдарды келтирди. Айтмамат Назаровдун белгилөөсүндө, комитет тарабынан көтөрүлгөн токойлордун ар кандай ооруга чалдыгышы, ал боюнча кечиктирилгис чаралардын көрүлүшү, деградацияга учураган жайыттар боюнча эмне иштер жасалып жатканы белгисиз. Ал эми малдын башын идентификациялоого багытталган программа толук иштебей келет. Комитет башчысы Кыргызстанда малды идентификациялоодогу абал тууралуу айтып келип, айылдык ветеринардык кызмат, ветеринардык врач жоктугун, бул кызматты уюштуруунун зарылдыгын чет өлкөлөрдүн тажырыйбаларынын негизинде чечмелеп берди.

Мындан сырткары, А.Назаров жер-жерлердеги Мамлекеттик фонддун жерлериндеги бир топ көйгөйлөрдү, асыл тукум чарбаларын өнүктүрүүдөгү кемчиликтерди, АРИСтин айыл чарбасына байланыштуу айрым долбоорлорун токтоп тургандыгын тизмектеди.

Айыл чарба тармагы боюнча Өкмөт тарабынан аткарылбай жаткан иштерге токтолгон комитет төрагасы: “Жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү бир орган түзүү керек”,- дейт.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү бир катар маселелерди тактап, айыл чарбасынын өнүгүшү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлери менен бөлүштү.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү жалпы жонунан агрардык тармакта өкмөттүн алгылыктуу иштери бар экенин айтып, «КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчетун эске алуу тууралуу чечим кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 496

Окшош жаңылыктар