Жогорку Кеӊештин жаӊы депутаты Руслан Чойбеков парламентте ант берип, депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

18-04-2018 09:40

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Чойбеков Руслан Нуркалиевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Руслан Чойбековду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1678

Окшош жаңылыктар