Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Иса Өмүркулов: “Жогорку Кенештин көпчүлүк коалициясынын курамына дагы бир фракция кошулду”

20-04-2018
09:46

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 20-апрелде өтүп жаткан кезексиз жыйынынын жүрүшүндө КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк коалициясына «Республика – Ата Журт» фракциясы кошулуп, анын курамы кыйла кеӊейгенин расмий түрдө билдирди.

Андан тышкары, Иса Өмүркулов парламенттик көпчүлүк колиациясынын 19-апрель күнү өткөн жыйынында КР Премьер-министри кызмат ордуна Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги жактырылганын кошумчалады.

Ошентип, азыркы учурда Жогорку Кенештин көпчүлүк коалициясын төмөнкү фракциялар түзүп калды:

- “КСДП” фракциясы (38 депутат - 32 пайыз);

- “Республика – Ата-Журт” фракциясы (28 депутаттык мандат - 23 пайыз);

- “Кыргызстан” фракциясы (18 депутаттык мандат - 15 пайыз);

- “Бир Бол” фракциясы (12 депутаттык мандат - 10 пайыз).

Ал эми «Өнүгүү – Прогресс» (13 депутаттык мандат – 11 пайыз) жана «Ата Мекен» (11 депутаттык мандат – 9 пайыз) фракциялары парламенттик азчылык тарапта калды.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы