Тармактык комитетте 2015-жылдагы КР Улуттук банкынын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчёту угулду

 

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчёту угулду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2015-жыл каржы саясатын жүргүзүү үчүн кыйла оор болду. «Дүйнөдө каржы каатчылыгы өкүм сүрүп, улуттук валюталардын куну кескин түшкөндүктөн, көп өлкөлөрдүн экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди. Ошого карабастан, Улуттук банк каржы саясатын туура жүргүзө алгандыктан, улуттук валютанын кунун кармап кала алды», - дейт ал.

Отчеттон улам маалым болгондой, Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөндүктөн, 2015-жылы кошумча 53 штат бирдиги ачылып, жалпы чыгым 100 млн сомго өстү. Муну УБ жетекчиси иштин татаалдашып жатканы менен түшүндүрдү.

Банктардан 40 миӊ долларга чейин насыя алган 2397 жеке жактын 34,8 млн доллар өлчөмүндөгү доллардык насыясы 1 доллар – 62,14 сом курсу менен сомго которулду. Бул ишке 14 коммерциялык банк катышып, жалпы насыя өлчөмү 2,2 млрд сомду түздү. Аларга курстук айырма үчүн бюджеттен 478 млн сом төлөндү.

2015-жылы жеке жактардын депозиттик эсебине түшкөн каражат агымы эсе өсүп, 14 млрд 524 млн сомду түздү. Ал эми депозиттик эсепте чогулган жалпы каражат 51 млрд 567 млн сомго жетти.

Салымдар боюнча пайыздык коюмдардын деӊгээли коммерциялык банктар тарабынан сунуш кылынган мөөнөттөр менен шарттарга жараша болот. Кыргызстанда сомдогу депозиттердин пайыздык коюму чет өлкөлүк валютага караганда эки эсеге жогору: сом – 12,52 пайыз, чет өлкөлүк валюта – 6,53 пайыз.

2015-жылы Кыргызстанда 24 коммерциялык банк иш алпарып, карлардын саны 2 миллиондон ашканы, алардын 92 пайызын жеке жактардын депозиттик эсеби түзө турганы белгилүү болду.

Ошондой эле, УБ төрагасы 2008-жылы өкмөт менен парламенттин демилгеси боюнча Мамлекеттик өнүгүү банкын түзүү чечими кабыл алынганын, ошол кезде ал чечим абдан туура болгонун, бирок бюджеттик каражаттын тартыштыгынан улам, ал азыркыга чейин түзүлө электигин билдирди. Анын пикиринде, Россия – Кыргыз өнүгүү фонду түзүлгөн соӊ, Мамлекеттик өнүгүү банкын түзүүнүн анчалык деле зарылдыгы болбой калды.

Жыйын жүрүшүндө айрым депутаттар УБ кызматкерлеринин, айрыкча анын жетекчи курамынын маянасы кыйла жогору экени, аны оптималдаштыруу зарылдыгы белгиленди. Өзү 120 миӊ сом өлчөмүндө айлык аларын ачыктаган УБ башчысы Толкунбек Абдыгулов маяна өлчөмүн кызматкерлердин иш жоопкерчилигинин жогорулугу менен түшүндүрдү. Депутат Дастан Бекешев аны колдоо менен бирге, алардын маянасы төмөн болсо, инсайдердик маалыматтардын сыртка чыгып кетүү тобокелчилиги бар экенин эск салды.

Андан сырткары, депутаттар улуттук акчаны жасай турган жайды куруу, кагаз акчадан пластик акчага өтүү, сомдун кунун бекемдөө маселелерин көтөрдү. Улуттук банктын дагегине сатып алуулар жаатында бир катар сын пикирлер айтылып, жабуудардын өз наркынан кыйла жогору баарда сатылып алынып жатканы белгиленди. Ошондой эле, насыя алган жарандардын турмуш шартынын оӊолуу жагдайын талдап чыгуу тапшырмасы берилди.

КР ЖК Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар