Саясый жана мамлектетик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуудагы талаш-тартыштар соттук эмес тартипте чечилет

07-05-2018 16:05

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-статьясында кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш – тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болот. Бул жагдайды кайра карап чыгууну туура көргөн Өкмөт аталган кодекске өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Аны бүгүн, 7-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, саясый жана мамлектетик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнү жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелелери боюнча жекече эмгек талаш – тартыштары соттук эмес тартипте чечилет. Ушул статьяда аталган жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт, - деп өзгөртүлүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 314

Окшош жаңылыктар