Депутат Таабалды Тиллаев Лейлек районундагы селден жапа чеккен айылдардын абалы менен таанышты

16-05-2018 14:22

Жогорку Кеӊештин депутаты Таабалды Тиллаев өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов менен бирге 13-май күнү жүргөн селден улам жапа чеккен Баткен облусунун Лейлек районундагы 9 айылдагы абал, табигый кырсыктын кесепетин жоюу чараларынын жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен пикир алышты.

Чимген айылында эле табигый кырсыкка кооптуу делген 22 үй болсо, анын бешөөнө 2011-жылы эле Өгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аларды башка жерге көчүрүү жөнүндө корутунду берилген, калгандарына ушул кезге чейин андай корутунду бериле элек. 13-майдагы селде дагы 5 үй жабыркады. Мындай көрүнүш башка айылдарда да орун алган.

Андан тышкары, Лейлек аймагындагы көптөгөн сел тосмолору, электр чубалгылары тартылган мамылар, автожолдор жарактан чыгып, мал жандыктар агып кеткени белгилүү болду. Депутат Таабалды Тиллаев мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик жетекчилерине бузулган жолдорду, сел тосмолорун тез арада калыбына келтирип, көчүрүлө турган жарандарга жер маселесин ыкчамдатып чечип берүү зарылдыгын айтты. Ошону менен бирге, эл өкүлү элет тургундарын тобокелчиликке барбай, коопсуздукту сактап, табигый кырсыктын алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 116

Окшош жаңылыктар