Жогорку Кеӊештин жаӊы депутаты Гүлнара-Клара Самат ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

17-05-2018 09:51

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Гүлнара-Клара Самат ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал соттолгонуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Аида Салянованын ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Гүлнара-Клара Саматты депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 400

Окшош жаңылыктар