Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылууда

17-05-2018 10:00

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 17-майда өтүп жаткан жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жол-жоболору улантылды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышып жатат.

Эске салсак, өткөн жыйында депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов Бишкек ЖЭБинде авария болуп, анын кесепетин жоюу чаралары 3-5 күнгө чейин созулганын, анын аркасы менен өлкөнүн энергетика тармагында орун алган кемчиликтер ачыкка чыкканын белгилеген. «2017-жылы 408 млн сом каралганына карабастан, ал жерде оӊдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Каражаттын кайда жана кантип жумшалганына укук коргоо органдары кылдат текшерүү жүргүзүшү керек. Анын натыйжасында жооптуу кызмат адамдарынын аракетине же аракетсиздигине укуктук жактан баа берилүүгө тийиш», - деген эле ал.

Депутаттык комиссиянын корутундусунда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, өлкөнүн энерготармагындагы негизги объектилердин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте оӊдоолорду жүргүзүү, гидроэнергетикалык жана жылуулук- механикалык жабдууларды оӊдоо филиалын түзүү, «Электр станциялары» ишканасында кошумча техникалык көзөмөл боюнча кызмат ордун ачуу сындуу бир катар сунуштамалар берилген.

Депутаттык комиссиянын иликтөө корутундусу УКМКнын Антикоррупциялык кызматына, Эсептөө палатасына жөнөтүлүп, авриянын болуусуна тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги, оӊдоо жумуштарына каралган каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышы текшерилмекчи.

Жыйын жүрүшүндө Бишкек ЖЭБи боюнча 4 кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Анын ичинде, 2 кылмыш иши Улуттук энергохолдинг менен «Электр станциялары» компанияларынын жооптуу кызмат адамдарына карата, бир кылмыш иши Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу «коррупция» беренеси боюнча, дагы бири 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча козголгон. Андан тышкары, оӊдоо жумуштарына тартылган айрым жеке менчик фирмаларга карата козголгон кылмыш иштери да бар. Кылмыш иштерин атайын түзүлгөн тергөө тобу териштирет.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында курамы 12 депутаттан турган комиссия түзүлгөн: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика - Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 490

Окшош жаңылыктар