Балыкчы, Каракол шаарларындагы саркынды сууларды тазалоочу объекттердин 2020 – жылы ишке кирип калышы күтүлүүдө

01-06-2018 10:29

Бүгүн, 1 – июнда “Республика – Ата – Журт” фракциясы Ысык – Көл областында көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда Ысык-Көл областындагы туризмди өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук маселелери каралып жатат.

Жыйынды фракция лидери Жыргалбек Турускулов ачып, иш чаранын катышуучуларын рамазан айы жана 1 - июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Ошондой эле туризм багытындагы жасалып жаткан иштерге токтолуп, келип жаткан меймандарга ыңгайлуулуктар менен коопсуздукту түзүп берүү биринчи зарылчылык экендигин билдирди.

Таштандыларды тазалоо жагдайына токтолуп, көл өрөөнүндөгү экологиялык абал менен жакындан тааныш экендигин да белгиледи.

Бул темада  баяндама жасаган КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Узарбек Жылкыбаевдин айтымында, 176 туристтерди тейлөөчү жайлар бар. Туризмди өнүктүрүүнүн биринчи кадамы экологиянын тазалыгы. Балыкчы, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат. Ага кетүүчү сумма Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. 2020 – жылы ушул курулуштар ишке берилсе, бул дагы жакшы иш болмок. Буга аракет кылып жатабыз, - дейт  область жетекчиси.

Коопсуздукту камсыздоодо милиция кызматкерлеринин жетишсиздиги сезилүүдө. Ошондуктан, экологиялык милиция уюштурулса жакшы болмок. Чолпон - Ата шаарындагы РИИБ шаардык ички иштер бөлүмү болуп түзүлсө, иш илгерилемек, - дейт У.Жылкыбаев.

Фракциянын көчмө жыйынына ЖК депутаттары Ж.Турускулов, М.Сабиров, Т.Тиллаев, А.Жамангулов, А.Исмаилова, А.Дүйшалиев, К.Баймуратов катышууда.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1259

Окшош жаңылыктар