Шайлоодо 50 пайыздан ашык добуш алган талапкердин ректор болушун камсыздаган мыйзам долбоору каралды

13-06-2018 16:03

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун максаты ЖОЖдордун жетекчилерин шайлоо жана дайындоо маселелеринде демократия принцибин бузууну четтетүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык, ректорду шайлоодо КР Премьер-министри шайлоодо көбүрөөк добуш топтогон үч талапкердин бирин дайындайт. Муну менен ЖОЖдун жетекчисинин кызмат ордуна азыраак добуш алган талапкер бекитилип калышы мүмкүндүгү келип чыгат жана көпчүлүк жамаатын пикирин эске албастан, жетекчини дайындоого алып келет. Бул өңдүү жагымсыз көрүнүштөргө академиялык коомчулуктун терс реакциясы жараткан мисалдар бар.

Долбоорго ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаган учурда кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага добуштардын көбүрөөгүн алган эки талапкер катышат. Кайра добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шайланган талапкерди шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитет. «Улуттук» деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайдын шайланган жетекчиси шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна бекитилет.

Тармактык комитеттин корутундусуна ылайык, аталган маселе боюнча бириктирилген мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары: Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Кодуранова А.С., Жамангулов А.Ж., Исмаилова А.Ж., Нурбаев А.М., Касымалиева А.К., Каримов Н.Т., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Омуркулов И.Ш., Акаев Ж.К., Аманкулов М.А., Сарсейитов И.З., Примов У.Б., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Токторов А.С., Никитенко Н.В., Момбеков Р.Ч.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 796

Окшош жаңылыктар