Таабалды Тиллаев: "Каржы маселесин текшерген уюмдарды оптимизациялоо зарыл"

14-06-2018 15:00

Депутат Таабылды Тиллаев мыйзамсыз текшерүүлөр мекеме - уюмдар үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жатканына токтолуп, каржы маселесин текшерген уюмдарды оптимизациялоо зарыл, - дейт бүгүн, 14 - июнда "Парламент" радиосунун түз эфиринде болуп.

Эсептөө палатасы өлкөнүн баардык финансылык мыйзам бузууларын текшерүүчү орган. Аталган мекеменин укуктарын күчөтүү керек. Эсептөө палатасынын  быйылкы жылдагы негизги маанилүү иштеринин бири -  Бишкек жылуулук борборундагы жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөр болду, - деп кошумчалады депутат.

Ошондой эле уктурууга катышкан КР Эсептөө палатасынын төрагасы У.Марипов, - 2017- жылы  Эсептөө  палатасы тарабынан 2673 обьектте аудит жүргүзүлгөндн билдирди. "Анын ичинде бюджеттик мекемелер - 1884тү түзгөн. Чарба жүргүзүүчү субьекттер – 436 болсо, жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер  - 346. Дагы башка 7 уюм да текшерүүлөрдөн өткөн", - дейт өлкөнүн башкы эсепчиси.

Аудитордук иштин алкагында каржы бузуулардын жалпы суммасы 2153,7 млн сомго бааланган. Резервдердик жана  бюджеттик жоготуулардын көрсөткүчү 9471,8 млн.сомду түзсө, рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын эсеби 351  млн.сомго жеткен.

2017 - жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча аудит обьекттеринин дарегине 1297 жазма буйруктар жана 79 сунуштар жөнөтүлгөн, - дейт У. Марипов.

Эске сала кетсек, кечээ 13-июнда Жогорку Кенеш Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылга болгон отчетун канааттандырарлык деп тапкан.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1045

Окшош жаңылыктар