Вице-спикер М.Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Бутан парламентинин төрагасы менен жолугушту

26-06-2018 15:56

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган делегация Бутан мамлекетинин парламент төрагасы менен жолугушту. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев (“Ата Мекен” фракциясы), депутат Таабалды Тиллаев (“Республика-Ата-Журт” фракциясы) бар.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) долбоорунун көмөгү астында үстүбүздөгү жылдын 24-июнунан 01-июлуна чейин Бутан мамлекетинде органикалык айыл чарбасынын алдыңкы иш-тажрыйбалары менен таанышуу максатында иш сапарында жүрөт.

Эске салсак, иш сапарда КР Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1407

Окшош жаңылыктар