Депутат Акылбек Жамангулов: “Турак-жайлардын курулушуна эл аралык банктар да колдоо көрсөтөт”

27-06-2018 16:00

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каржылоосунун негизинде Нарын шаарында бир көп кабаттуу турак жай курулуп жатат. Ал 50-60 батирге эсептелген. Андан тышкары социалдык үйлөр да салынууда. Алар негизинен күч түзүмдөрүнүн  адистерине арналган, - дейт ЖК депутаты Акылбек Жамангулов бүгүн, 27 – июнда “Парламент” радиосунун түз эфиринде региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп.

Ошондой эле эл өкүлү, - Германиянын КЭФ банкы тарабынан дагы региондордо турак – жайларды куруу боюнча жакшы кадамдар башталып, ага 11 млн. евро каралгандыгын билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон мыйзам долбоорлорун сунуштап келе жаткандыгын айткан парламентарий, - азыркы шартта 3000ге жакын киши турак – жайга насыя алгандыгын маалымдап, ошол эле мезгилде ортодо иштин солгундап кеткендигине каражаттын тартыштыгы себеп болгон, - дейт. Анын айынан бул долбоор  ортодо 3 айга жакын токтоп туруп, кайрадан жанданды. Себеби, каржы булактары ачылып, жаңы эле 500 млн. сом 1 – траншка каралды, - деди депутат. 

Ошондой эле эл өкүлү региондорду өнүктүрүү багытында агротармакты, туризмди жакшыртуунун жаңы жагдайларына көңүл бурулуп жаткандыгын да кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 140

Окшош жаңылыктар