«Кыргызстан «парламенттик фракциясы шайлоочулар менен жолугушуусун Жалал-Абад облусунан баштады

03-07-2018 11:08

Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаттар тобу Жалал-Абад шаарындагы имараттарынын эскилиги жеткен социалдык обьектилердин абалы менен таанышты.

Жалал-Абад облустук №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты 1928-жылы салынып, учурда кулап калуу коркунучунда экендиги айтылды. Ал шаарга жакын жайгашкандыктан, 18 миң тургунду медициналык жактан тейлеп келет. Дарыгерлердин айтымында, имарат көйгөйүн айтып кайрылбаган жерлери калган эмес.

Бул сыяктуу имарат көйгөйү Жалал-Абад шаарындагы №1 Михаил Бабкин атындагы мектепте дагы бар. Учурда 650 гана окуучуга ылайыкталган билим берүү мекемесинде 2500 бала билим алууда. Көйгөдү жеринде көргөн эл өкүлдөрү тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берилип, көзөмөл күчөтүлө турганын убада кылышты.

Депутаттардын андан аркы жолугушуусу облустун башкы имаратында улантылып, ага жергиликтүү активдер катышты. Жыйын жүрүшүндө облустун жетекчиси буга чейин аткарган иштери боюнча учкай маалымат берди. Андан соң, отурум суроо-жооп иретинде улантылып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Анда негизинен жолдун абалы, таза суунун жетишсиздиги, мектеп, бала бакча жана  турак жак куруу үчүн жер участкаларынын тартыштыгы негизги көйгөй катары айтылды.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мындай жолугушуулар эми өлкөнүн баардык аймактарында улантыла турганын белгиледи.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 7442

Окшош жаңылыктар