Депутат Экмат Байбакпаев баштаган эксперттик топ Бишкек шаарындагы «Фрунзе», «Глобус», «Народный» сындуу ири соода борборлорун текшерүүдө

11-07-2018 16:36

«Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү» долбоорунун алкагында Жогорку Кеӊештин депутаты Экмат Байбакпаевдин демилгеси менен түзүлүп, курамына Антимонополдук агенттиктин, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын, Химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин, Экологиялык-техникалык көзөмөл инспекциясынын өкүлдөрү кирген комиссия бүгүн, 11-июлда Бишкек шаарындагы бир катар ири соода түйүндөрүндө текшерүүлөрдү жүргүздү.

Комиссия мүчөлөрү ордо калаада жайгашкан «Фрунзе», «Глобус», «Народный» соода борборлорунда болуп, аларда сатылып жаткан тамак-аш өнүмдөрү менен жашылча-жемиштердин үлгүлөрүн сатып алды. Эми алар мамлекеттик органдар менен мекемелердин атайын лабораторияларында текшерилип, анын жыйынтыгы бир апта аралыгында чыгарылууга тийиш. Көзөмөл иретинде сатып алуу жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына импорт катары алынып келинген өнүмдөргө коопсуздугуна өзгөчө басым жасалды. Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, жарандарыбыз кандай сапаттагы тамак-ашты жеп жатканын так билүүсү зарыл.

«Буга чейин ишкерлерге тоскоолдук жаратат деген шылтоо менен, көптөгөн лицензиялардын түрлөрү алынып салынган. Мен деле ишкердик менен алектенгем, андай лицензиялар анчалык деле тоскоол болбойт. Кезинде «Кыргызстандарт» деген мекеме жоюлуп кетип, азыр анын иш-милдеттерин өзүнө толук алган өзүнчө мекеме жок болгондуктан, тамак-аш коопсузудугу жаатында башаламандык өкүм сүрүүдө. Азыртан аны колго албасак болбойт. Оору-сыркоонун 80 пайыздан ашууну дал ушул тамак-ашка байланыштуу болууда. «Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү» деген брендди түзүш керек. Биз эл аралык рынокто таза жана сапаттуу өнүмдөрүбүз аркылуу гана өз ордубузду таба алабыз», - деди депутат.

Андан тышкары, Экмат Байбакпаев БУУ баштаган эл аралык уюмдар эскиден келаткан өлкөнү өнүктүрүүнүн жаратылыш байлыктарын айоосуз жана сарамжалсыз пайдаланууга таянган экономикалык модели заман талабына жооп бербей калгандыгы жөнүндө коӊгуроо кагып жатканын, өткөн мезгил аралыгында көптөгөн өлкөлөр кыйла капитал топтой алды, бирок алардын баары жаратылыш капиталынын эсебинен болгонун, анын ичинде Кыргызстан да андай ааламдашуу доорунун капшабынан четте калбаганын, азыр анын кээри даана сезиле баштагынын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш 2018-жылдын 28-июлунда жумушчу топ тарабынан «Кыргызстан – «жашыл экономика» аралчасы!» урааны астында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын жашыл экономика концепциясы кабыл алынган. Эми аны аткаруу бийлиги ишке ашыра баштоого тийиш.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 32905

Окшош жаңылыктар