Депутат Элвира Сурабалдиева Сокулук районунун тургундарынын акыбалы менен жеринде таанышты

19-07-2018 10:37

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Сокулук районундагы Саз айылынын тургуну Сатарова Акжолтой апанын алын сураганы барды. Мындан 1,5 ай мурун анын үйү өрттөнүп кеткен. Уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү менен эптеп эле жанын арачалап терезеден качып чыкканга үлгүрүшкөн. Өмүр бою жыйган-тергенинен эч нерсе калбай күлгө айланган апанын арманы күч. Айылдык кеңештин депутаттары, айыл тургундары колунан келген жардамдарын берип, өрттөн зыян тарткан үйдү калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жаткан.

Кырсыкка кабылган үй-бүлөнүн акыбалы менен жеринде таанышкан депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан 70 миң сомду жардам катары тапшырды.

Ушул эле күнү эл депутаты Асылбаш айылында да болуп, айыл тургундары менен жолугушту. Асылбаш айыл өкмөтүндө таза суу маселеси чечилип калыптыр.Жалпы наркы 26 млн сом турган долбоор аяктоо алдында турат. Жакынкы аралыктарды айыл өкмөтүнүн аймагындагы 3-4 айылдын тургундарынын таза сууга болгон муктаждыгы толугу менен канааттандырылат. Ал эми сугат сууларына болгон муктаждык дагы деле бар.

Эл менен болгон жолугушууда турак жай курууга жер участогу берилбей жатканы туурасында да кеп болду. Атайын турак-үй курууга деп ажыратылган жер бар, бирок, аны бөлүштүрүп берүүдө проблемалар жаралууда. Ошону менен бирге эле жол оңдоо маселеси да орчундуу турган маселелердин бирине айланган. Айыл тургундары мына ушул жана башка бир катар маселелерди козгоп, аны чечип берүү жагын эл депутатынан өтүнүп калышты.

Эл менен болгон жолугушууда айылдык мектептин окуучусу Миран Сманов Моңголияда өтө турган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдешке катышууга жолдомо алууга жетишкени белгилүү болду. Бирок, катышып келүүгө каражаты жетишсиз болуп жаткан. Эл өкүлү жол киресине деп өз чөнтөгүнөн 40 миң сом жардам көрсөттү.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 39273

Окшош жаңылыктар