Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Аламүдүн районунун тургундарынын өкүлчүлүгү менен жолугушту

25-07-2018 13:08

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев шайлоочулар менен жолугушуп, өткөн мезгил аралыгында депутат катары кандай иштерди аткаргандыгы туурасында маалымат берип, элдин суроо-талаптары боюнча эмне иштер жасалганына токтолду.Жыл ичинде депутатка ар кандай өтүнүч-талаптар менен 700 шайлоочу кайрылган. Мындан тышкары жол, бала-бакча, мектеп, таза суу курулуштары боюнча бир катар иштер аткарылган. Ал эми айрым маселелер каражаттын тартыштыгынан кийинкиге калтырылган.

Мындан тышкары жалпы эле Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигине, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө таасир эте турган бир катар мыйзамдар кабыл алынгандыгы туурасында да сөз болду. Эл депутаты ошону менен бирге эле ишкерчиликти колдоо, инвестициялык кызыкчылыкты арттыруу багытында да бир катар мыйзам долбоорлорунун автору болгон.

         Аламүдүн районунун Восток айылында бүткөрүлгөн иштер менен катар эле чечилбей жаткан маселелер да бар. Алсак, жолу оңдолуп, көчөлөргө жарык коюлуп, бир катар алгылыктуу иштер аткарылган. Бирок, таза суу проблема бойдон калууда.

Ал эми Кырман жаңы конушунда мектеп курууга деген жер жең ичинен Октябрь районуна өтүп кетип, жаңы конуштун балдары шаардын мектептерине кире албай убара. Жүргүнчүлөрдү ташыган маршруткалар жолдун начардыгынан каттабайт.

Эл депутаты менен болгон жолугушууда мындан тышкары айыл аралык жолдордун абалы, жайыт маселесинен келип чыккан талаш-тартыш, майыптарга камкордук көрүлбөй жатканы туурасында бир катар маселелер айтылды. Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев айтылган маселелердин бардыгы боюнча аракеттерди көрө турганын айтып, тиешелүү жактарга тапшыра турган болду.

ЖК Басма соз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 13515

Окшош жаңылыктар