4- августта Нарын шаарында кулатуу боюнча дүйнөлүк мелдеш өттү

06-08-2018 15:32

4-августта Нарын шаарында "Кулатуу эр таймаш" боюнча дүйнөлүк мелдеш өттү. Мелдеште Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын 40 мушкери беттешти. Нарын шаарында алгачкы ирет өтүп жаткан мелдешти көрүүгө миңге жакын көрүүчү келип, мушкерлерди ураан, кыйкырыктар менен сүрөөнгө алышты.

Бул мелдеш мамлекет башчысы жарыялаган «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери, Нарын облусунун «Кулатуу эр таймаш» федерациясынын президенти Жыргалбек Турускуловдун колдоосу менен өттү.

Ал эми иш-чаранын эң негизги беттешинде WEF PROFFIGHT'тын чемпиондук куру үчүн кыргыз мушкери Нургазы Балтабаев өзбекстандык Санжар Эркиновго каршы күч сынашты. Беттеш 77 килограммга чейинки салмак ченинде орун алып, Балтабаевдин ыкчам кыймылы менен башталды. Балтабаев каршылашын муунтуу ыкмасына салып, 1-раунддун 50-секундасында жеңишке жетти. Муну менен Нургазы Балтабаев WEF PROFFIGHT'тын чемпиондук куруна ээ болду.

Мелдештин аягында Жыргалбек Турускулов Нарын шаарынын тургундарына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте ушундай мелдештерди ар жыл сайын Нарын облусунун ар бир районунда өткөрүүгө убада берди. Жергиликтүү тургундар мындай мелдештин Нарын шаарында өтүп жатканына абдан кубанычта болуп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдошту. 

«Республика-Ата Журт» фракциясынын катчылыгы 

Көрүүлөрдүн саны : 11207

Окшош жаңылыктар