Эл өкүлдөрү Тогуз-Торо жана Чаткал районундагы көйгөйлөр менен жеринде таанышты

10-08-2018 11:01

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Кенжебек Бокоев Тогуз-Торо районуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушту.

Жолугушууда бир катар социалдык маселелер көтөрүлүп, анын ичинде ичүүчү жана сугат суу, оорукана, жол, мектеп, ошондой эле социалдык жөлөк пулдарга байланышкан көйгөйлөр арбын экени айтылды. Эл өкүлдөрү ар бир айтылган сунуш-пикир көңүл сыртында калбай тургандыгын билдиришип, тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү менен биргеликте маселелерди чечүүгө аракет кылышаарын белгилешти.

Ошондой эле депутат Аида Касымалиева Чаткалга барып, райондук оорукананын абалы менен таанышты. Оңдоп-түзөөгө муктаж экенин көргөн эл өкүлү маселени тиешелүү министрликке жеткирерин убада кылды. Ошондой эле ооруканада иштеген жаш дарыгерлер менен да баарлашкан Аида Касымалиева, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жасап жаткан иштерине жогору баасын берди. “Айлыгынан сырткары аларга жергиликтүү бийлик батир, жер же кошумча акча сыяктуу керектүү шарттарды түзүп берген. Азыр Чаткал району Бишкекте 27 жаш кадрды окуу акысын төлөп окутуп жатыптыр. Алды 5-курс. Алар окуусун бүтүп, кайра Чаткалга кайтып келиши керек. Биз ушундай стратегияны өлкө боюнча, башка райондордо да жапырт колго алышыбыз зарыл”, – деди эл өкүлү. Мындан сырткары, депутат иш сапарынын алкагында аталган райондогу оңдоп-түзөөгө муктаж болгон Кайың-Суу орто мектебинен да кабар алды.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1509

Окшош жаңылыктар