Урматтуу мекендештер! Жамы мусулман журт!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Сиздерди кылымдар кыйырын кырча басып келаткан бүткүл мусулман журтунун салттуу кош майрамынын бири – Курман айт майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Жараткан бизге жалаӊ жакшылык жалгай турган бул күнү ар мусулман баласы пейилин түзөп, жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук кылат, жакын санаалаштарына өз кубанычын бөлүшүп, жүрөк түпкүрүндө илгери үмүт түнөк табат. Көзү өткөн жакындарын да унутта калтырбай, алардын арбагына арнап куран түшүрүү жөрөлгөсү бар.
Баарыбызга Жараткандын шыпаасы тийип, ынтымак менен ырашкерликте жашайлы, бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк бололу. Ар бирибиз жандүйнөбүздү аруулоо менен, өз келечегибизге ишенимдүү карайлы, адеп-актык жандап, өтөлгөлүү өмүр сүрөлү.
Алыскы Меке жергесиндеги Ыйык Кааба жайында мусулмандык парзын аткарып жүргөн миӊдеген мекендештерибиздин, миллиондогон диндештердин ажылык сапары байсалдуу өтүп, Жаратканга багышталган зыяраты кабыл болсун.
Момун мусулмандардын ушул улуу күнүндө жамы журттун жаркын келечегине багышталган баардык бакубат ойлордун ишке ашуусун тилек кылам. Жалпы кыргызстандыктар бири-бирибизге кайрымдуу, жалаң жакшылыкка баш койгон алпейим журт, кеңпейил эл бололу.
Дагы бир ирет - Айтыңыздар маарек болсун!
Чыныбай Турсунбеков,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы