10-сентбярда ЖогоркуКеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов баштаган фракциянын депутаттары Абдывахап Нурбаев, Улан Примов, Жанар Акаев жана өкмөттүнбир катар мүчөлөрү атайын жумушчу сапар менен Алай районунун эли менен жолугушууларды өткөрүштү.
Жумушчу сапардын алкагында эл өкүлдөрү Алай районундагы Ленин айылдык аймагындагы Күңелек айылын дагы курулушу токтоп турган мектептин абалы менен жеринде таанышышты. Мектептин курулушу 2 жыл мурда башталып, бирок каражаттын бөлүнбөгөндүгүн өнулам дубалы тургузулган бойдон токтоп калган. Курулуштун жалпы сметалык баасы 37 млн. 800 миң сомду түзөт.
Каржы министрлигинин маалымдоосунда, 2017-жылы бюджеттен калган каржыбөлүнүп, курулушаягыначыгарылат. Эске сала кетсек, депутат Улан ПримовдундемилгесимененаталганмектептинкурулушумененЖКнынкаржыкомитетининмүчөлөрү 3 ай мурда таанышыпкетишкен.
Жумушчусапардынжүрүшүндө эл өкүлдөрүошондой эле социалдык төлөмдөр, ичүүчү таза суу, канал, саламаттыкты сактоо, кышкадаярдык, тоют жана электр энергия тармагындагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, айрымдары жеринен чечилүүдө.
СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы