Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эки тараптуу келишим жок болгондуктан, азырынча Башкы прокуратура Орусиянын Тергөө комитетине кайрыла элек

13-09-2016
11:28

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин кезектеги жыйынында сот реформасынын алкагында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жатканда, депутаттар 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы басмаканада чыккан өрт кырсыгынан улам 17 адамдын, анын ичинде 14 кыргыз жаранынын каза болгонуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин жүрүшүнө кызыгышты.

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова кылмыш иши чет өлкө аймагында болгондуктан, аны Орусиянын Тергөө комитети жүргүзүп жатканын билдирди. Ошондой эле, эки тараптуу келишим жок болгондуктан, азырынча Башкы прокуратура Орусиянын Тергөө комитетине кайрыла электиги белгилүү болду. Анын, айтымында Орусиянын прокуратурасы менен байланыш бар, эгер кылмыш иши туура эмес жүргүзүлсө, ага дароо кайрылууга болот.

Талкуу жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

КР ЖК Басма сөз кызматы