Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Cоциал-демократтар Чоң-Алай районунун көйгөйлөрү менен таанышышты

10-09-2016
12:02

10-сентябрда Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов, депутаттар Абдывахап Нурбаев, Улан Примов, Жанар Акаев жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү Ош облусунун Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу Маданият үйүндө өтүп, ага 350дөн ашык адам катышты.

Катышуучулардын арасында ошондой эле жарандык активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болушту. Анда эл тарабынан деңиз деңгээлинен 2,5 миң метр бийиктикте жайгашкан райондун көйгөйлүү маселелери көтөрүлдү. Атап айтканда, жергиликтүүлөр ичүүчү таза суу маселесинин курч тургандыгын айтышты. Мисалы, бул маселе райондун Кабык, Шибе жана Ачуу-Суу айылдарында гы башкы көйгөйлөр болуп эсептелет. Ачуу-Суу айылынын аталышы эле айтып тургандай, аталган айылдын суусунун курамындагы туздун көлөмү 20 %ды түзөрү аныкталган.

Бирок ичүүчү таза суунун жоктугунан айылдын эли чарбалык керектөөлөрдөүн сырткары ичүүгө да пайдаланууга аргасыз болуп келишет. Сөз алган фракция лидери Иса Омуркулов учурда өлкөдөгү таза суу көйгөйүн чечүү үчүн эл аралык донорлор менен ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы боюнча маалымат берди. Иса Омуркуловдун айтымында, долбоорлор ишке ашырылса, республикадагы таза суу маселеси биротоло чечилмекчи.

Ал эми «Таза суу» долбоорунун алкагында 2017-жылы Чоң-Алай районундагы таза суу менен камсыз кылуу системасы толугу менен оңдолот. Мындан сырткары, Шибе, Ачуу-Суу айылдарында мектептерди куруу маселеси да жолугушууда айтылды. Элдин айтымында, мектептин жоктугунан аталган айылдардын балдары адам өмүрлөрүнө кооптуулук жараткан авариялык абалдагы мектептерде билим алууга аргасыз.

Мындай мектептерде балдарды окутууга жол бербөө зарылдыгын айткан фракция лидери билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууга мамлекет чоң көңүл буруп жатканын айтты. Ошондой эле келерки жылдын бюджетине бул мектептерди куруу маселесин киргизүүгө аракет көрүлөрүнө ишендирди. Жерлерди трансформациялоо зарылдыгы бардыгын Кашка-Суу айылдык аймагынын башчысы Мирлан Сапаралиев айтты. Ал белгилегендей, трансформациялоого мораторий жарыяланган айдоо жерлеринин реестрине таштуу, өздөштүрүүгө мүмкүн болбогон 20 га жер да жаңылыштык менен киргизилип калган. Айыл өкмөт башчысы депуттарга кайрылып, бул жерди реестрден чыгарууга көмөктөшүүнү суранды.

Иса Омуркулов бул жылы масштабдуу түрдө жерлерди инвентаризациялоо жүргөнүн айтып, бул маселени иликтөөнү Мамэкотехинспекциянын өкүлүнө сунуштады. Жолугушуунун соңунда депутаттар эл тарабынан айткан, көтөрүлгөн маселелердин баары фракция жыйындарында каралып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө жеткирилерин билдиришти. Эскерте кетсек, СДПК фракциясынын депутаттары 10-11-сентябрда жумушчу сапар менен Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунда болуп кайтышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы