Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кербен, Сүлүктү, Балыкчы жана Токтогул шаарларындагы муниципиалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоору карала баштады

13-09-2016
12:27

Бүгүн, 13-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Комитет жыйынында КР Финансы министри Адылбек Касымалиев «Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун 1-окууда алып чыкты.

Маалыматка ылайык, “Шаарды өнүктүрүү долбоорунунун” максаты муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана шаардык инфратүзүмдүн энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун алкагында Кербен, Сүлүктү, Балыкчы жана Токтогул шаарлары аныкталып, жалпы суммасы 14,4 млн. АКШ долларды түзөт. Төлөө мөөнөтү 38 жыл, анын 6 жылы жеңилдетилген убакыт.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков долбоордун алкагындагы аталган шаарларды жарыктандыруу маселесине токтолуп, насыя алуу менен мындай анча мааниге ээ болбогон иштерди бүтүрүү туура эмес деген пикирин билдирди.

Жыйынга чакырылган Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин өкүлдөрү шаар көчөлөрүнө фонарь коюу аз канча эле каражатка жасаларын айтып, долбоордо артыкчылык берилген багыт катары таза суу менен камсыздоо жана бала бакча, мектептердин сейсмикалык туруктуулугун жакшыртуу экенин чечмелеп беришти.

Эл өкүлдөрү артыкчылык берилген багыттардан сырткаркы коомчулукка анча маанилүү болбогон же насыясыз эле өз колубуз менен бүтө турган маселелерди тактап келүү максатында ратификациялык мыйзам долбоорун кийинкиге калтырышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы