Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюгча комитети «Тышкы миграция жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Акылбек Жамангулов, Данияр Төлөнов, Искендер Матраимов, Наталья Никитенко жана КР Өкмөтү.
Тармактык комитеттин төрагасы Алмазбек Баатырбековдун айтымында, мыйзам долбоорунда виза, анын жарактуу мөөнөтү, бөлүштүрүү тартиби кыйла ырааттуу сыпатталып берилген. Ошентип, буга чейин башаламан болуп, талаш-тартыштарды туудуруп келген визанын бирдиктүү стандарты КР Өкмөтү тарабынан бекитилет. Андан сырткары, тышкы миграция боюнча ыйгарым укуктуу орган да так аныкталды.
КР ЖК Басма сөз кызматы