Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Онкологиялык жана онкогемотологиялык кызматтарды каржылоо шарттары жогорулатылат

13-09-2016
14:42

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүнкү, 13-сентябрдагы олтурумунда Улуттук онкологиялык борбордун ишин иликтөө боюнча жумушчу топтун  маалыматын укту.

Бул багытта баяндама жасаган депутат, жумушчу топтун төрайымы Айсулуу Мамашеванын айтымында, өлүмгө алып келген жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле орунда онкологиялык оорулар турат. Жылыга катталган сырколуулардын саны 5000ден ашат. Барган сайын өсүш алып жаткан онкологиялык оорулар 2012-жылы 100 миң кишиге 89,6ны түзгөн болсо, 2014-жылы 95,1ге, ал эми 2015-жылы 92,1ге жеткен. 14 жашка чейинки балдар арасындагы онкологиялык ооруга чалдыккандардын саны да азайган эмес. 2015-жылы 3400 киши онкологиялык оорудан каза тапты. Бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек?!-дейт А.Мамашева.

Залалдуу шишик ооруларына кабылгандарды дарылай турган Улуттук онкологиялык борбордо 400 орун болсо, Ош областында 100 орун каралган. Жалал-Абад областында 30 орун болсо, Ысык-Көл областында 10, ал эми Токмок шаарында 15 орун бар.

Улуттук онкологиялык борбордун жетекчисин шайлоо маселеси да 9 жылдан бери чубактын кунундай созулгандан созулуп келе жаткандыгы да кандайдыр бир кызыкчылыктын бар экендигин билдирет,- деп айтылат жумушчу топтун маалыматтарында.  

Депутат Зиядин Жамалдинов шайлоодо көп добуш алган киши гана кызматка дайындалышы кажет деген пикирде.

“Нуртерапиясы менен дарылоого  тиешелүү болгон  жабдыктарды сатып алууга деп 32 млн. сом бөлүнгөн. Эми аппаратты орнотуу иштери жүргүзүлөт. Балдардын онкологиясына да керектүү дары-дармектер сатылып алынган. МАГАТЭнин алкагында иштер бир нукка салынып, дарыгерлердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу иштери да жанданууда”,- дейт КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева.

Тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз онкологиялык оорулууларды дарылоого каралган АГАТ аппараты ишке кириш керек эле,- деп  азыр анын кайсыл этапта тургандыгына кызыкты. Буга жооп берген Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиевдин белгилешинче, аталган АГАТ аппараты 8-сентябрда заводдон чыгышы керек болчу.

Жыйынтыгында, Улуттук онкологиялык борбордун ишин иликтөө боюнча жумушчу топтун  маалыматы эске алынып, КРнын  Өкмөтүнө бир катар тапшырмалар берилди. Ага ылайык, “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы камсыз кылынып, онкологиялык жана онкогемотологиялык кызматтарды каржылоо шарттары жогорулатылат. Ошол эле учурда Улуттук онкологиялык борбордун жетекчисин дайындоодо жумушчу топ берген сунуштар эске алынат. Ага ылайык, 30-сентябрга чейин Улуттук онкологиялык борбордун жетекчиси дайындалыш керек. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы