Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ишмердүүлүгүн текшерген жумушчу топтун маалыматын укту

13-09-2016
14:58

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар арасындагы негизги флагмандардын бири. Анда 1020дан ашык кызматкерлер иштесе, алардын 70и Жогорку аттестациялык комиссиядан өткөн илимдин докторлору. 300ү илимдин кандидаттары, доценттер. Европалык деңгээлдеги биринчи даражадагы илимдин докторлорунан үчөө эмгектенишет. Ал эми эки ишти бирдей айкалыштырып иштеген окутуучулар 600гө чамалуу. Бул тууралуу маалыматтар Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 13-сентябрдагы олтурумунда каралып, депутат Е.Строкованын баяндамасы угулду.

Мына ушундай ири жамааты бар улуттук инверситеттте 21 декан болсо, алардын 9у кабыл алуу комиссиясынын курамына, окумуштуулар кенешинин мүчөлүгүнө, факультеттеги окумуштуулар кеңешинин түзүмүнө киргизилген эмес. Структуралык бөлүмдөргө каралган кворумдар дагы так бөлүштүрүлгөн эмес. Мына ушундай жыйынтык Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык курамынын арасындагы конкурсту өткөрүүнүн укуктук-ченемдик актыларын текшерген жумушчу топтун корутундусунда чыгарылган. Маалымат  жумушчу топтун курамындагы депутаттар Е.Строкова, А.Самигулина, Никитенко, А.Токторов, А.Исмаилова, Р.Момбеков тарабынан даярдалган.

Талкуу сонунда жумушчу топ  дагы да бир топ фактылар менен ишин улантууну билдиргендиктен,  анын маалыматын 15-октябрга чейин угуу мөөнөтү белгиленди.  

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы