Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КМШга мүчө-мамлекеттер ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн, үрөндөрүн соода-сатыкка коюуга шарт түзүлөт

13-09-2016
15:07

Бүгүн, 13-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде «Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддердин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Баяндамачы КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, ратификациялык мыйзам долбоору КМШга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу концепциясына ылайык иштелип чыккан. Макулдашууну ратификациялоо дыйкандардын керектөөсүн туруктуу канааттандыруу үчүн КМШга мүчө-мамлекеттердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун үрөндөрүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн отургузуу материалын өндүрүү жана жеткирип берүүнүн мамлекеттер аралык адистештирүү чөйрөсүндөгү селекция жана үрөн чарба тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Комитет мүчөлөрү биздин мамлекеттен сыртка карагат, кара өрүк, алма жана башка өсүмдүктөрдүн көчөттөрү же үрөндөрү чыгарарын, сырттан келген көчөттөрдүн сапаты жана башка маселелерди тактагандан кийин аталган ратификациялык мыйзам долбоорун 1-окууда колдоп беришти.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы