Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамдын укуктары мыйзам аркылуу корголот

13-09-2016
15:15

Жогорку Кеӊештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген жактарды сыйлоого жана укугун коргоого багытталган “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Жаныбек Бакчиев, Дастан Бекеше, Алтынай Өмүрбекова, Исхак Масалиев.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, бул мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар ишканалар менен уюмдардын ичиндеги мыйзамсыз иш жөнүндөгү маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Анын башкы милдети жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу, мыйзам чегиндеги жүрүм-турумду калыптандыруу болуп саналат.

Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамга паранын 30 пайызы сыйлык катары бөлүнүп берилет. Ошондой эле, ал адамды 3 жылга чейин иштен бошотууга же башка кызматка которууга жол берилбейт. «Өкмөт бюджет тартыштыгы бар деген шылтоо менен бул мыйзам долбооруна карата терс пикирин билдирген. Бирок, өзү тиешелүү чараларды сунуш кылган жок», - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы