Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Кыргызстан менен Армения ортосундагы алакаларды арттыруу боюнча макулдашууну колдоду

13-09-2016
16:23

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге салык төлөөдөн четтөөнү болтурбоо тууралуу” КР Өкмөтү менен АР Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-сатык алакаларын жакшыртуу үчүн бул макулдашуунун зарыл экендигине токтолду. Өткөн жылдын жыйынтыгына ылайык, эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 500 миң доллардын тегерегинде гана болсо, быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгында ал 866 миң долларга жеткен.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Н.Каримов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору да комитетте колдоого алынып, үчүнчү окууга парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

КР ЖК Басма сөз кызматы